• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин милдети жана аткара турчу иштери жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын президентинин «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» 2021-жылдын 5-майындагы №114 жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Кыргыз Республикасыны Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын бириктирүүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Бул бириктирүү санариптик доордо КРнын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган санариптик трансформацияны ишке ашыруу үчүн ресурстарды бириктирүү максатында жүргүзүлдү.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги биринчи кезекте санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга колдоо көрсөтөт жана алып барат.

Мындан тышкары, министрлик электрондук кол тамгаларды колдонуу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызматтар, идентификациялоо системасы, санарип технологияларды бирдей колдонууну камсыз кылуу, электр жана почта байланышы, радио жана телекөрсөтүү, калкты каттоо, автотранспортту жана чиркегичтерди, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, архив иштери, кибер коопсуздук (Министрликтин компетенциясындагы).

Негизги маселелер:

  1. Маалымат технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү, электрондук башкарууну киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалымат мейкиндигин жана электрондук кол тамга үчүн бирдиктүү инфраструктураны түзүү.
  2. Калкка жана бизнеске кызмат көрсөткөн КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону камсыз кылуу.
  3. Киберкоопсуздук коркунучтарын алдын алуу жана аныктоо, компьютердик инциденттерге жооп берүү.

Санариптик өнүктүрүү министерствосунун бөлүнүштөрү

  • КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;
  • КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы Архив агенттиги - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик архив агенттиги;
  • КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти;
  • КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси;
  • КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы;
  • КР Өкмөтүнө караштуу МКК алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы.

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Кыргыз маркасы» мамлекеттик ишканасынын укук мурастоочусу.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасына төмөндө көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар кошулуу жолу менен түзүлүп ал алардын укук мурастоочусу болуп калды:

  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасы;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Транском» мамлекеттик мекемеси;

Мындан тышкары «Инфоком» мамлекеттик ишканасы:

  • «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын;
  • электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын;
  • бирдиктүү идентификациялоо системасынын;
  • электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын оператору болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий