• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын энергокомпаниялары күз-кыш мезгилине даярдыкты аяктады

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, КР министрлер кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Күз-кыш мезгилинин келишине байланыштуу, ошондой эле КР Энергетика министрлигинин жана Улуттук энергохолдингдин сунуштарынын негизинде 31-октябрда энергокомпаниянын пландык оңдоо иштери аяктады.

Негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту өз убагында аткарылды (Күрпсай ГЭСинде 2 агрегат, Таш-Көмүр ГЭСинде, Шамалдысай ГЭСинде жана Үчкоргон ГЭСтеринде бирден)

Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Электр тармактары боюнча 479,4 км электр берүү аба чубалгылары 110-500 кВ капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. 0,4-35 кВ чыңалуудагы электр тармактарында 164 подстанцияда 35/6-10 кВ, 2937 КТП 6-10/0,4 кВ, 4517 километр электр берүү линиялары 6-10-0,4 кВ, 452,8 километр 35 кВ аба линияларында капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, республиканын региондорунда 128 кошумча КТП орнотулган, 166 ашыкча жүктөлгөн трансформаторду чоң кубаттуулукка алмаштыруу жүргүзүлгөн, 346 км электр берүү чубалгылары 10-0, 4 кВ чыңалууда курулган жана реконструкцияланган, анын ичинде 0,4 кВ аба электр берүү линиялары СИП-2 зымына 89 км алмаштыруу менен реконструкцияланган.

"Мындай иш-чараларды өз убагында өткөрүү ашыкча жүктөөлөрдөн жана авариялардан сактануу үчүн күз-кыш мезгилине сапаттуу жана ишенимдүү даярдыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий