• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Акылбек Жапаров “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.07.23. / Кабар/. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 1-кварталында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

“100 миң сомдон алган ар бир үй-бүлөнүн ишинин натыйжалуулугун аныктаган министрликтин жооптуу кызматкери бекитилиши жана анын ишин тартипке келтирүү зарыл”, - деди ал.

Социалдык контракт – бул аз камсыз болгон үй-бүлө (же жалгыз жашаган аз камсыз болгон жаран) менен социалдык коргоо органынын ортосунда түзүлгөн келишим. Анын шарттары боюнча мамлекет бекер акча берет, жаран өзүнүн үй-бүлөсүнүн материалдык шарттарын жогорулатуу боюнча милдеттенмелерди алышат.

"Социалдык контракт" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тарта ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.

Пикир

Оставить комментарий