• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Акылбек Жапаров Таш-Көмүрдө бир катар өндүрүштүк жана соцобъекттердин курулушунан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, учурда бул долбоордун 60%зы аткарылды. Заводду 2025-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Завод өнөр жай үчүн жана жарандар тарабынан жүргүзүлгөн курулуш үчүн цемент чыгарат. Ишкана жылына 1 млн тоннага чейин цемент өндүрүп, 250-300 адамды жумуш менен камсыздайт деп күтүлүүдө. Учурда заводдо 100 адам иштейт.

Ошондой эле МинКаб Төрагасы Таш-Көмүр шаарындагы жатакананын абалы менен таанышты. Имарат капиталдык оңдоону талап кылат. Турак жайга болгон муктаждыкка байланыштуу Таш-Көмүр шаарынын мэриясы бул жатакананы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана турак жайды бюджеттик кызматкерлерге, мугалимдерге, дарыгерлерге жана жарандарга бөлүштүрүүнү сунуштады.

Акылбек Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга оңдоо иштерин быйыл баштап, 2025-жылдын майынына карата 280 батирди пайдаланууга берүүнү тапшырды. Ошондой эле турак жай имараттарын куруу боюнча да иш жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, шаардын жолдорун куруу, муниципалдык атайын техникалар жана автобустар менен камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.

Андан ары Акылбек Жапаров Таш-Көмүр – Кызыл-Жар унаа жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бүгүнкү күнгө карата жолдун 1,5 чакырымына асфальт төшөлдү.

Ал ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын стадионун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Долбоордун жалпы суммасы 114 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин быйыл бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий