Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир жумада 18 миң 902 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү:
- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3522;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 174;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6439;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 22;
- Автоээнбаштык – 4;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1074;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 130;
- жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6409;
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 60;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 82;
- унаа токтотуучу жайга коюлду – 892.
Пикир
Оставить комментарий