• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ирандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Орозо айт – адамдын жан дүйнөсүнө кайрылуунун, адамдын табиятын тазалоонун жана жакшы иштердин жемишин алуу майрамы.

Ыйык айды майрамдоо мусулман коомчулугунун биримдигин жана бир туугандыгын бекемдейт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук, ишинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий