• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жээнбеков Владимир Путинге учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге Москва областында учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Москва областында учактын трагедиялуу кыйрашынан көптөгөн адамдардын курмандактары болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, - деп Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында айтылган.

Пикир

Оставить комментарий