• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыркы коңгуроо. Жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Коом 0


Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) кабарлашкандай, азыркы учурда мугалимдерден бүтүрүүчүлөрдү эч жакка чыгарбоо тууралуу милдеттемелерди жаздырып алуу менен, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Бүтүрүүчүлөр ошол күнү майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулушуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучу болууда. Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Автобекеттерге барып, жүргүнчүлөрдү ташыган маршрут айдоочуларына жана ижарага берген той кортеждерине барып, ошол күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аларды тоо-суу эс алуучу жайларга алып барбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы коңгуроо күндөрү шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт постторун орнотуп, өспүрүмдөрдү ташыган унааларды текшерүү менен күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий