• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 291 кыргызстандык айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 291 кыргызстандык айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 46 киши, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 46, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 76, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда 20 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 318ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий