• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 киши каза болду. Жалпы 1 миң 487

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 киши (пневмонияны эсепке алганда) каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкек шаарында 1 киши, Баткен облусунда - 1, Ош облусунда 1 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 487 киши каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 304 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 40 миң 759ду түзөт. Алардын ичинен 33 миң 318 киши айыгып чыкты, 1 миң 487 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий