Альпинизм туризмдин негизги локомотиви – Кадыр Сайдилкан

Спорт 0


Бишкек, 06.06.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Кыргызстан дүйнөдөгү альпинизм боюнча алдыңкы үч өлкөнүн бири боло алат. Бул тууралуу Непалдагы Гималай тоосунун Лхоцзе чокусун багындырган альпинист Кадыр Сайдилкан билдирди.

Ал өлкөнүн экономикасын көтөрүп, социалдык абалын камсыздай турган негизги тармактардын бири туризм экенин айтып, бул багытта Кыргызстандын потенциалы жогору экендигине токтолду.

“Биз дүйнөдөгү тоолуу альпинизмге кирген үч алдыңкы өлкөнүн бири боло алабыз. Буга Непал, Пакистан, андан кийин эле Кыргызстан кирет. Мисалы, Европада альпы тоолору канча өлкөнү аралап атат. Түштүк Америкадагы тоо кыркалары 7-8 мамлекеттин карамагында. Ал эми биздин кичинекей Кыргызстаныбыздын 94 пайызы тоо. Анын үчөө 7 миңдик бийиктиктеги тоолор. Андан тышкары алты миң жана беш миңдик бийиктиктеги тоолорубуз көп”, – деди альпинист.

Мындан тышкары Кадыр Сайдалкин, альпинизм туризмдин негизги локомотиви экенин айтып, келечекте бул тармакты өнүктүрүүгө үмүт бар экенин кошумчалады. Ал үчүн ишкерлерди бул тармакка инвестиция тартууга багыттады.

Атай кетсек, альпинист Кадыр Сайдилкан буга чейин Эверест чокусун быгындырган. Бул жылы деңиз деңгээлинен 8516 метр бийиктикти түзгөн Лхоцзе чокусун багындырып, ал жерге 4 кг болгон “Манас” эпосунун китебин көтөрүп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий