• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Месси "Барселона" команданын катарында машыгууну баштады

Спорт 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Аргентиналык оюнчу Лионель Месси испаниялык "Барселона" команданын катарында машыгууну баштады. Бул тууралуу сүрөттү аталган клуб өзүнүн твиттердеги баракчасына жүктөдү.

Буга чейин 33 жаштагы оюнчу испаниялык клубдан кетерин айтып келген. "Барселона" Мессини 700 млн еврого кое берерин билдирген.

Аргентиналык футболчу "Барселона" клубунда 2004-жылдан баштап ойной баштаган. Бүгүнкү күндө ал 731 оюнга катышып, 634 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий