Ала-Бука районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар. Күн мурун Ала-Бука районунда "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Дарыкананын ачылыш аземине Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Каарманбек Байдавлетовдун катышып, жергиликтүү тургундарга сапаттуу жана арзан баада дары-дармектерди сатып алууга шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын ноябрь айынан тарта "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалары ачыла баштаган. Ушуну менен Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 14 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий