Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Алма-Ата көчөсү менен айланма унаа жолунун кесилишинде унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жерине 2 үжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:26да толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий