• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

"Жашыл мурас". Жыл башынан бери Ош облусунда 380 миң көчөт отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндө 500 түп арча жана 100 түп ак кайын көчөтү тигилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында быйыл Ош облусунун аймагына жалпы 671 миң көчөт тигүү пландалган. Жыл башынан тарта облуста 380 миң көчөт отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий