• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Аламүдүндө жоголгон аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунун Мурас-Ордо конушунун 69 жаштагы А.А., аттуу тургуну 23-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

ӨКМден билдиришкендей, 24-январь күнү аталган жарандын кийимдери Калыс-Ордо конушундагы айланма унаа жол менен Чоң Чүй каналындагы көпүрөнүн астынан табылган, ушул күндөн тарта издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн жерине 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандары өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий