Бишкек, 12.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ата мекендик өндүрүштүн, дыйкан-фермердик чарбалардын, кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү жана фермерлер катышты.
Жолугушуунун негизги темасы ата мекендик товарларды өндүрүүчүлөр жана фермерлер үчүн салыктык башкарууну жакшыртуу болду.
Негизги маселелердин бири электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууну жөнөкөйлөтүү жана аны жокко чыгаруу болду.
Шыкмаматов ЭТТК системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн айтты.
Жолугушууда белгиленгендей, айрым субъекттер ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат жана алардын арасында айыл чарба өндүрүүчүлөрү дагы болот.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар салык салуу жаатындагы көйгөйлөрү менен бөлүшүп, аны жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышты.
Өз кезегинде Салык кызматынын жетекчилиги ЭТТКны жана ЭЭФти колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча алдыдагы пландарды түшүндүрүп берди.
Алмамбет Шыкмаматов агроөнөр жай комплекси мамлекет үчүн артыкчылыктуу тармак экенин баса белгиледи.
"Бизнес дагы, мамлекет дагы кемсингендей абалда калбашы үчүн адилеттүүлүк чекитин табуу керек", – деп баса белгиледи Салык кызматынын башчысы.
Пикир
Оставить комментарий