• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Алматыда улуу манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармалар жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.12.24. /Жазгүл Мадинова-Кабар/. Бүгүн Казакстандын Алматы шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган “Саякбай Каралаев” чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи, “Саякбай жана Мухтар Ауэзовду” эскерүү кечеси маданий иш-чарасы өттү.

Иш-чара Улуттук Манас академиясы, Эл аралык “Түрксой” уюму, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү комитети тарабынан уюштурулган. Маданий саамалыкка кыргыз жана казак элинин окумуштуулары, манасчылар, мамлекеттик расмий жана эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эскерүү кечеси оболу ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин видео тасмасы менен башталды. Андан соң иш-чараны М.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун директору Кенжехан Исламжанулы Матыжанов ачып, ал өз сөзүндө Саякбай Каралев менен Мухтар Ауэзовдун достугу бул кыргыз менен казактын биримдиги экенин баса белгиледи.

Андан соң иш-чара маданий бөлүккө өтүп, анда манас айтылып, төкмө акындар ырын төгүп, кыргыз комузунун добушу жаңырды. Эскерүү кечесинин алкагында казак адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон белгилүү казак жазуучусу Мухтар Ауэзов да эскерилди. Катышуучулар эки улуу инсандын мурастары, адабият менен маданиятка кошкон салымы, улуттук эпосту сактоо жана жайылтуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Атай кетсек, кыргыздын сыймыгы, залкар манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы азыркы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жарык дүйнөгө келген. Анын айткан «Манас» эпосун Кыргыз элдик агартуу комитетине караштуу тил жана адабият илим изилдөө институту 1930-жылдан тарта жазып алууну баштап, анын аткаруусундагы «Манас»,«Семетей», «Сейтек» үч илтигин, Кенендин, анын уулдары Алымсарык, Кулансарыктын окуяларын толук жазылып алынган.

Саякбай Каралаев кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн үч жолу “Эмгек Кызыл Туу” жана “Ардак белгиси” ордендери, Ата Мекендик согуштагы каармандыгы үчүн медалы менен сыйланган. 1939-жылы Кыргыз СССРинин эл артисти деген наам берилген. Кыргыз элине көөнөрбөс мурас калтырган улуу манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий