• 87
  • 89.63
  • 0.85

Амангелдиев: «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жол долбоору менен «Манас» соода-логистикалык шаары бири-биринен көз каранды болбойт

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Манас соода-логистикалык шаары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун ири долбоорунун бир бөлүгү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Манас логистикалык борбору инвесторлорду абдан кызыктырган долбоорлордун бири. Бүгүнкү күндө логистикалык борборлор абдан жакшы иштеп жатат. Күн сайын ар бир өткөрүү пунктунан ар кайсы багытта 200дөн ашык унаа өтөт.

«Манастагы логистикалык борбордо соодадан тышкары өндүрүш ишканалары да болот. Бул эки долбоор бири-бирин толуктап турат десем жаңылышпайм. Албетте, алар бири-бирине көз каранды болбойт. Темир жол аркылуу келген жүктөрдүн логистикасы бир топ арзан болот, демек биздин өлкөнүн соода тармактары ошол эле Өзбекстан жана Казакстанга салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүү болот», - деди министр.

Амангелдиев белгилегендей, бул долбоорго инвесторлор каражат сала баштады.

Ошондой эле бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатканын, каражаттар салынып, максаттар акырындык ишке ашып, кыргыз тарап бардык маселелерди өз убагында чечкенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий