Американын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни кызматынан кетти

Саясат 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Американын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни кызматтан кетет. Бул тууралуу элчи кечээ, АКШнын эгемендүүлүгүн белгилөө учурунда билдирген.

“Өзүмдүн мамлекетиме 33 жылдык кызматымдан кийин, мен өзүмдүн үй-бүлөмө, Калифорния штатына кайтууну чечтим. Мен АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп эмгектенгеним үчүн сыймыктанам. Үй бүлөгө болгон сүйүү Кыргыз элине ошондой эле, Америкалыктарга да маанилүү. Мындан улам сиздер менин үй бүлөмө кайтып жатканымдын себебин түшүнөсүздөр деп ойлойм”,-деп жазылат элчилик тараткан маалыматта.

Гуолтнинин айтымында, Кыргызстандан бир нече аптадан кийин кетет. Анткен менен кыргыз элинин меймандостугу жана кайрымдуулук сапаттары өмүр бою менин эсимде калат деп билдирет элчи.

“Мен сиздердин бардыгыңыздарды сагынам. Бирок сиздер жакындарыңдын жанында болуу канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөсүздөр. Мен каякта болбойюн, эмне кылбайын Кыргызстан ар дайым менин жүрөгүмдө сакталат”,-деп кошумчалады Гуолтни.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын август айында АКШнын сенаты Гуолтнини Американын Кыргызстандагы элчиси кылып дайындаган.

Пикир

Оставить комментарий