• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болот - Шайлдабекова

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту бар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинен 45и чет мамлекеттерде ачылган.

"Шайлоо тилкелери тиешелүү жабдуулар менен камсыздалды. Ал жерде эки жабдык колдонулат: бири биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү жабдык жана автоматтык эсептөөчү куту. Бизде 5 миң 700 автоматтык эсептөөчү куту бар. Конституциялык мыйзамга ылайык ар бир шайлоо тилкесинде негизги жана кошумча автоматтык эсептөөчү куту болушу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий