• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Базар-Коргондун Арстанбап айылында мектептин кошумча имараты жана спорт аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында мектептин кошумча имараты жана спорт аянтчасы ачылды.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

Аймактагы №19 Арстанбап жалпы билим берүүчү мектебинин имараты кичинекей болгондуктан 1300дөй окуучу 3 нөөмөт менен окуп келген. 180 орундуу жаңы корпусту айылдын тургуну өз каражатынын эсебинен куруп берди.

Эл өкүлү Айбек Алтынбеков курулушка салым кошкон инсандарды Жогорку Кеңештин 85 жылдык юбилейлик медалы менен сыйлады.

Мындан тышкары, ушул эле мектептин короосунда жайгашкан спорт аянтчасы пайдаланууга берилди. Депутаттын жеке колдоосу жана көмөгү астында эки жыл мурда курулушу башталган аянтча эми окуучулар жана айылдыктар үчүн кызмат кылат.

Айылдыктар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар тараптуу колдоосу үчүн Айбек Алтынбековго ыраазычылык билдиришип, Арстанбап айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгарышты.

Пикир

Оставить комментарий