• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирип, күнүнө 300-400 даана ачытма кошулмаларысыз табигый ыкма менен ачытылган бөлкө нандарды чыгарып жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган нан чыгаруучу цех "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, жабдуулары алынып, кийин Нарын шаардык мэриясынын менчигине өткөн.

Жакында цех Нарын шаарындагы Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп, бир жумадан бери наабайкана иштей баштады.

Бүгүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов наабайкананын иши менен таанышып чыгып, продукциянын санын көбөйтүшсө башка райондорго чыгарууга жардам берээрин билдирди.

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Эрлан Жаанбаев билдиргендей, бул жерде азырынча 4 адам жумуш орду менен камсыз болуп, 300-400 нан чыгарылууда.

Наабайканада суроо-талапка жараша күнүнө 2000 даана нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Чыгарылган бөлкө нандар ачытма кошулмаларысыз, табигый жол менен ачытылып бышырылат. Нандар дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатыкка коюлуда. Мындан сырткары, бала бакчаларды, мектептерди, мекемелерди камсыздоо келишимдери түзүлүп жатат. Киреше жергиликтүү бюджетке түшөт.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан ачылган устакана жана тигүү цехи дагы муниципалдык ишкананын балансына өткөрүлүп берилип, иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий