• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Аска-зоолорду байырлаган ак илбирс. Нарында орнотулган фотокапканга түшүп калган сүрөттөр

Аймак 0


Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Илбирс» фонду менен биргеликте өлкө аймагына ондогон фотокапкандарды орноткон.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, фотокапкандар Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Босого жана Ак-Сай жайлоолоруна коюлган. Жалпысынан 54 фотокапкан коюлуп, он бир фотокапканга жыйырма төрт жолу он илбирс түшкөн.

Ак илбирс Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаныбарлардын бири, азыркы учурда өлкө аймагынын алты миң метрге чейинки бийиктиктерде 402 илбирс байырлап жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий