• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ат-Башы районунда коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда коменданттык саатты бузган 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарында 12 кылмыш иши катталды. Алардын ичинде өтө оор жана оор кылмыш катталган жок. "Нарын шаарында коменданттык саатты бузгандар катталган жок. Ат-Башыда 5 жаран коменданттык сааты бузгандыгы үчүн кармалган. Алардын ичинде бирөө мас абалында жана жашы жете элек эки бала кармалды. Балдардын ата-энеси чакырылып, аларга протокол түзүлдү", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий