• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто гендердик теңчилик боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кечээ, 5-март Ош шаарында 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын быйылкы жылкы иш-аракеттери талкууланды. Жыйын: Ош шаарындагы Аймактык кеңештердин жооптуу катчыларынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана филиалдарынын, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин, ошондой эле жергиликтүү бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө «Демилгелүү, ишкер аялдар» коомдук уюмунун башчысы А.Ормоновагендердик саясатты жүргүзүү боюнча жыйындын катышуучуларына кеңири маалымат берип, аялдардын саясаттагы жана коомдук иштердеги ордун дагы да активдештирүү зарыл экендигин билдирди. Ошондой эле, аялдарга болгон зордук зомбулуктардын алдын алууда чогу иш-аракеттерди жүргүзүү керек экендигин кошумчалады.

Жыйын Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий