• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Атамбаев Ысык-Көлдөгү “Алтай көчмөнү” форумун расмий ачты

Маданият 0

Чоң Сары-Ой, 21-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Чоң Сары-Ой айылында “Алтай көчмөнү” форуму расмий ачылды.

Иш чаранын ачылышына Кыргызстандын, Башкортастандын жана Татарстандын президенттери катышты.

Экспозиция «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунун алкагында түзүлгөн.

Экспозиция музейдин ичинде жайгашып, алтай көчмөн элинин жашоо образына арналат. Анда 500 дөн ашык экспонаттар коюлган. Музейдин коноктору мыкты экспонаттар менен таанышышат.

Мындан тышкары аймактын борборуна 30 боз үйдөн турган жандуу музейдин коюулушу пландалган. Анда алтай көчмөн элдеринин жашоо образы сүрөттөлөт.

Ошондой эле, форумдун ачылышында ар бир алтай эли ыр, бий тартуулап, алтай цивилизациясынын атайын маданий-этнографиялык программаларын, масстер-класстарды көрсөтүшөт.

Мамлекет башчылары муйзедеги экспонаттар, боз үйлөр менен таанышышты.

Эскерте кетсек, «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форуму Бишкекте ачылып 23-июлга чейин болот. 21-22-июлда форум Ысык-Көлдө уланат.

Пикир

Оставить комментарий