• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Куткаруучулар Нарында сууга агып кеткен 4 жашар баланы издеп жатышат

Кырсык 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Куткаруучулар үч күндөн бери Нарындагы жол кырсыгынан улам Чоң-Кажырты суусуна агып кеткен 4 жашар баланын денесин издеп жатышат.

ӨКМдин маалыматы боюнча «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаа 18-июлда сууга кулап кеткен. Унаада төрт адам болгон, алардын үчөөсү суудан чыгышкан, ал эми 4 жашар баланы суу агызып кеткен.

Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык берген эмес. Издөө иштери бүгүн улантылат.

Пикир

Оставить комментарий