• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Азия эл аралык кинофестивалы – атамекендик кинематографисттер үчүн өздөрүн дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк - Абылгазиев

Маданият 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-сентябрда, Азия эл аралык кинофестивалынын аткаруучу директору Джордж Шамшум жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, кинорежиссер жана продюсер, «Айтыш» Коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз менен жолугушту.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы аталган фестивалдын бирден-бир уюштуруучусу катары эсептелгендигин канагаттануу менен билдирди.

«Үстүбүздөгү жылы кинофестиваль алкагында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көрсөтүүгө өзгөчө басым жасалаары кубандырат. Буга катар биз кинофестивалдын уюштуруучуларына дүйнөлүк фильмдердин кинорыногунда азия аймагынын тасмаларын алга жылдыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылык билдиребиз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, мындай фестивалдар – бул атамекендик кинематографисттер үчүн өздөрү, өз өлкөсү тууралуу дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Кинорежиссер Садык Шер-Нияз белгилегендей, азия кинофестивалынын негизги идеясы Азия жана Американын киноиндустриялары ортосундагы байланыштарды жана өз-ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналат.

«Кинофестиваль негизделген жылдан бери карай белгилүү кинематографисттер арасында аталган иш-чарага чоң кызыгуу пайда болду. Алдыда өтө турган Азия эл аралык кинофестивалында кыргыз киноленталары да көрсөтүлөт. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча биздин өлкөдө гана эмес, Россияда да тартылган фильмдерди көрсөтүүнү пландаштыруудабыз. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар Чыңгыз Айтматовдун туулгандыгынын 90 жылдыгын белгилөөгө арналган», – деп маалымдады Садык Шер-Нияз.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азия эл аралык кинофестивалынын аткаруучу директору Джордж Шамшум Кыргызстанда өткөрүлгөн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу пикирин суктануу менен билдирди.

«Бул сиздердин өлкөнү оңдуу жактан ачып берген укмуштуу иш-чара болду. Бул оюндар өзүнө биримдикти, ынтымакты жана жакшылыкты камтып турат. Мен үчүн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында мейман катары катышкандыгым жана Кыргыз Республикасын өз көзүм менен көрүп, анын тургундары жана алардын маданияты менен жакындан таанышуум жагымдуу таасирлерди калтырды», – деди ал.

Белгилесек, жолугушуу демилгечиси Садык Шер-Нияз эсептелген төртүнчү Азия эл аралык кинофестивалынын (AWFF – Asian World Film Festival) ачылышы алдында өттү.

Маалымдама: Азия эл аралык кинофестивалы (АМКФ) аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо үчүн азиялык тасмалардын кеңири чөйрөсүнүн мыкты фильмдерин Лос-Анджелесте тартуулайт. Быйылкы жылы иш-чара 24-октябрдан 1-ноябрга дейре Калвер-Ситиде, Калифорния (Америка Кошмо Штаты) өткөрүлөт.

Фестиваль маданий аралык кызматташтык алкагында өткөрүлүп, Азиянын 50 ашуун өлкөсүнүн: Түркиядан Японияга, Россияга, Индияга жана Жакынкы Чыгышка чейинки мамлекеттердин тасмаларын камтыйт. Кинофестиваль “Айтыш” фондуна караштуу коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Аталган кинофестивалга белгилүү актриса, кинорежиссёр жана сценарист, БУУ ыктыярдуу элчиси Анджелина Джоли катышкан соң, Америкада жана азия мамлекеттеринде кеңири популярдуулукка ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий