Авазбек Атаханов Палестина элчиси Жавад Мухаммад Авад менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мухаммад Авад менен жолугушту

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Бишкек шаарында өтүп, Палестина тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Авазбек Атаханов БУУнун резолюциясына ылайык көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү жана аны БУУнун мүчөсү катары таануу боюнча Кыргызстандын туруктуу позициясын билдирди. Ал ошондой эле гуманитардык кризис күчөп, бейкүнөө адамдар, анын ичинде жаш балдар жана аялдар курман болуп жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдирди.

Эки тараптуу кызматташуу маселелери боюнча Авазбек Атаханов Палестинанын тышкы иштер министри доктор Рияд Аль-Маликини 2023-жылдын 27-29-августунда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Палестинанын Тышкы иштер жана Экспатрианттар министрлиги ортосунда эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган Программаны ырааттуу ишке ашырууну сунуштады.

Палестинанын элчиси Жавад Мухаммад Авад Кыргызстандын БУУда Палестина маселеси боюнча көрсөткөн колдоосу жана Палестина мамлекетин түзүүдөгү принципиалдуу позициясы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле кыргыз-палестин мамилелеринин абалын, динамикасын жана келечегин жогору баалады.

Палестина элчиси Бишкекте болгон учурунда Кыргызстандын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ушул жылдын аягына чейин Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий