• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Азамат Юсупов Сауд Аравиянын элчиси жана Мединадагы Пайгамбар мечитинин имамы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради жана Сауд Аравиянын Медина шаарындагы Пайгамбар мечитинин имамы Салах бин Мухаммад Аль-Будаир менен жолугушту.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, жолугушууда Азамат Юсупов Кыргызстандагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, ислам жаатындагы диний уюмдар тууралуу маалымат берип, Сауд Аравия тарабынан көрсөтүлгөн кайрымдуулук иштери жана ажылыкты уюштурууну жакшыртуу боюнча тыгыз кызматташуу болуп жаткандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын эки тараптуу кызматташуусу жылдан-жылга өнүгүп бара жатканын жана алаканы мындан ары дагы жогорку деңгээлге жеткирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий