Азия чемпионаты (U-23): Абдумалик Карачев алтын медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Иорданиянын Амман шаарында жаткан Азия чемпионатында (U-23) алтын медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг чейинки салмакта алгачкы айлампада Ирактын баланын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту.

Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди.

Чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону аталды.

Пикир

Оставить комментарий