Азия оюндары: Нурзат Нуртаева финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия оюндарынын финалына чыкты.

Аталган мелдешке Нурзат Нуртаева 68 кг салмак ченинде, 4/1 финалдан тарта катышууда. кыргыз балбаны алгачкы атаандашы казакстандык Елена Шалыгинаны 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалдык беттеште Нуртаева монголиялык Делгермаа Энхсайханды 10:8 эсебинде артта калтырды.

Финалдык беттеште кыргыз спортчусу кытайлык Фенг Чжоу менен кез келет.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий