• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Азия оюндары: Раззак Бейшекеев коло медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалга татыды.

Аталган мелдеште Раззак Бейшекеев 4/1 финалдан тарта катышып, 67 кг салмак ченинде күч сынашты.

Бейшекеев алгач япониялык Кацуаки Эндо менен кез келип, 1:5 эсебинде утулуп калган.

Япониялык спортчу финалга жолдомо алгандыктан, Раззак Бейшекеев жубатуучу беттешке чыгып, анда ал тажик спортчусун жеңип, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Коло үчүн беттеште Бейшекеев өзбекстандык балбанды артта калтырып, медаль тагынды.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. 24-сентябрда башталган спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий