• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Азис Абакиров: Жогорку технологиялар паркы IT кызматын 60 өлкөгө экспорттойт

Экономика 0

Бишкек, 05.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы IT кызматын 60 өлкөгө экспорттойт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү жана башкы директору Азис Абакиров билдирди.

Анын айтымында, экспорттун көбү АКШ, Казакстан, Россия, Улуу Британия, Японияга жасалып, бул жалпы кирешенин 80 пайызын түзөт. Жогорку технологиялар паркы IT кызматынын сапатын жакшыртуу менен учурда кыргыз программисттери дүйнөлүк брендге айланышты.

“Жогорку технологиялар паркы 60 мамлекетке экспорт жасайт. Экспорттун көлөмү боюнча биринчи орунда АКШ, андан кийинки орундарда Казакстан, Россия, Улуу Британия жана Япония турат. Аталган беш мамлекет экспорттун жалпы кирешесинин 80 пайызын түзөт. Баса белгилеп айта кетсем, коңшу өлкөлөрдүн IT тармагындагы экпорттук потенциалы бизге жете элек”,-деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, учурда жылдан-жылга компаниялардын саны өсүп, Жогорку технологиялар паркынын кирешеси жогорулап жатат.

"Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркын түзүү демилгеси көп жыл мурда сунушталып, тиешелүү мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Натыйжада ал өз алдынча түзүм катары 2013-жылдан бери иштеп баштаган. Ал Кыргызстандын IT компанияларын көмүскөдөн чыгаруу максатында уюшулган. Парктын мүчөлөрүнө жеңилдетилген салык режими каралган. 2014-жылы 3 компания резидент болуп кирип, 50 эле киши иштеген. Бүгүнкү күндө бизде 500 компания резидент болуп кирген, 3 миңден ашуун жумуш орундары түзүлдү. 2022-жылы парктын резиденттеринин кирешеси болгону 4,2 млрд сомду түзгөн.

Ал эми 2023-жылы Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 7,7 млрд сом киреше менен чыкты. Бул Жогорку технологиялар паркынын кирешеси бир жылда дээрлик эки эсе көбөйдү дегенди түшүндүрөт.

Мындан тышкары, биз салыктан бошотулсак дагы мамлекетке 70 млн сом төлөдүк. Жогорку технологиялар паркы 12 жылда мамлекетке 1 млрд сомго жакын салык төктү. Буга чейин бир программист 1 млнго жакын акча алып келсе, бүгүнкү күндө алар эми 3 млн сомго чейин киреше алып келишүүдө,”-деп белгиледи Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий