Азымбакиев Куала-Лумпурдагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышууда

Саясат 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев баштаган өкмөттүк делегация 28-29-майда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы Ислам экономикасынын жана каржысынын Глобалдык форумуна катышууда.

Форумдун ачылышында 28-майда, Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулейман Аль Жассер жана Бүткүл дүйнөлүк банктын улук башкаруучу директору Аксель фон Тротсенбург сөз сүйлөштү.

Муратбек Азымбакиев "Глобалдык экономикада постнормалдуу мезгилге багыт алуу: баалуулуктарга негизделген реформаларды колдонуу" темасындагы министрлер диалогунун биринчи сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын акыркы үч жылдагы негизги жетишкендиктерин белгиледи: ИДПнын өсүшү, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана башкалар.

Модератордун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Муратбек Азымбакиев өлкөдө коррупция менен айыгышкан күрөшкө, жаңы технологияларды колдонууга, мамлекеттик башкарууну жакшыртууга жана башкаларга негизделген реформалар өлкөнү жакыр мамлекеттердин тизмесинен чыгарганын жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу жагдай түзүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө форумдун катышуучулары исламдык каржылоо принциптерине, адал индустриясына жана алардын өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө тийгизген таасирине байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Муратбек Азымбакиев өз сөзүндө Форумдун эл аралык дискуссиялык аянтчасынын өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле эксперттик коомчулуктун пикир алмашуусу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

Сапардын алкагында кыргыз-малайзиялык кызматташуунун келечегин талкуулоо боюнча Малайзиянын негизги министрликтери жана ведомстволору менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий