• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Ибраимов Беларустун ТИМ орун басарына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. Кечээ, 13-август күнү Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Евгений Шестаковго ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө сөз кылышкан. Тараптар саясий жана соода-экономикалык кызматташты арттыруу керек деген пикирин айтышкан.

Жолугушуунун аягында Ибраимов, кыргыз-беларус мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий