• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бүгүн Парижде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот

Спорт 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимпиаданын ачылыш аземи өтөт.

Оюндардын ачылышы Бишкек убактысы боюнча саат 23:30дө башталмакчы. Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.

Эске салсак, Кыргызстандын атынан 16 спортчу барат. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, эки спортчу дзюдо боюнча, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча, бир спортчу бокс боюнча жана бир спортчу жеңил атлетика боюнча.

Олимпиада оюндарына 200дөн ашык мамлекеттен 10 миң 500 спортчу катышып, 329 комплект медаль ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий