• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун сел алган тилкелери калыбына келтирилүүдө

Аймак 0


Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Бүгүн нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол автожолунун 25-71-чакырымдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ушул эле жолду айланып өтүүчү 32+702-чакырымынан баштап 4 жерден 500 метр ашык жолду сел жууп кеткен.

Мындан тышкары, курулуп жаткан долбоордун 37+500-чакырымынан 37+800-чакырымына чейинки тилкелериндеги жол жээги селдин кесепетинен бузулган.

Учурда подрядчы "Кыргызжолкурулуш" ЖЧК тарабынан жогорудагы аймактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий