Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында "Автовнештранс" компаниясынын базасында ун чыгаруучу ишкана салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкана Ысык-Көл облусун ун менен камсыздайт. Ошондой эле жергиликтүү калк үчүн ондогон жумуш орундары түзүлдү.
Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 70 тоннаны түзүп, 1 жана 2-сорттогу ун чыгарылат.
Пикир
Оставить комментарий