• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бардыгы тышкы рыноктогу кырдаалга байланыштуу болот – Абдыгулов сомдун тагдыры тууралуу

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. / Кабар/. Валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөрдү болтурбоо үчүн Улуттук банктын резервинин көлөмү жетиштүү. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк курс боюнча алдын ала божомолдорду бербейт, анткени валюта саясатын жүргүзүүдө эркин алмашуу курсун карманат.

“Бирок ишенимдүү айта алам, биздин резервдердин көлөмү жетиштүү, алар - 2,4 млрд долларды түзөт жана ал келечектеги товарлардын 5 айлык импортун жабууга жетет. Бизде валюта рыногунда кескин өзгөрүүлөрдү болтурбоо үчүн резерв жетиштүү. Курс долларга карата 73 сомдун тегерегинде белгиленди. Бирок бардыгы тышкы рыноктогу кырдаалга байланыштуу болот”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий