• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Башкы прокуратура айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз кайтаруу фактысын аныктады

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган жарандарга айдоочулук күбөлүктөрү мыйзамсыз кайтарыплган факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Чүй областынын Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Токмок шаардык сотунун жана Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, укук бузуучулардан акча каражаттарын алышып, соттун токтомунун негизинде транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган 4 жаранга айдоочулук күбөлүктөрүн мыйзамсыз түрдө кайтарып берип жиберишкендиги аныкталган.

Бул фактылар боюнча прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий