Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Алматыда эл аралык кеңешмеге катышууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргыз стандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Алматы шаарында Борбордук Азиядагы коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын глобалдык оперативдүү тармагынын аймактык кеңсесин (GlobE Network) түзүү боюнча эксперттердин эл аралык кеңешмесине катышууда.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, аталган иш-чара БУУ жана GlobE Network катчылыгынын демилгеси менен өтүп жатат.

Эксперттик дискуссияларда эл аралык эксперттер менен биргеликте кылмыштуу капиталды кайтарып алуу жаатындагы акыркы тенденциялар, трансулуттук акчаны адалдоо жана уурдалган активдерди кайтаруу учурларынын контекстинде алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу боюнча өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү, коррупцияга каршы аракеттенүү, анын ичинде GlobE тармагынын ресурстарын пайдалануу максатында катышуучу мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда натыйжалуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чаралары талкууга алынууда.


Учурда 116 өлкөнүн 206 мекемеси GlobE Network антикоррупциялык тармагынын мүчөсү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий