• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Баткен облустук милициясына 16 кызматтык унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Баткен облустук милициясына "ВАЗ-НИВА-21214" үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар бүгүн, 11-февралда Баткен облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан "Коопсуз өлкө –туруктуу келечек" аталышындагы форумдун алкагында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тарабынан тапшырылды.

Белгиленгендей, иш-чара элдин коопсуздугун чыңдоого жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган.

"Ал эми жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен ОИИБдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул унаалар иштин алга жылуусуна, жарандар менен тыгыз иштешүүдө чоң өбөлгө түзмөкчү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий