• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарында милиция кызматкерлери муктаждарга кайрымдуулук көрсөтүштү

Аймак 0

Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. 12-13-декабрда Нарын облустук милициясынын демилгеси менен Нарын шаарындагы майыптыгыбар жарандарга “Биз биргебиз” аталышында кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Бул тууралуу обулстук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабеков Нарын шаарындагы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомуна, “Кутман таң” майыптардын коомдук бирикмесине, №87-кесиптик лицейинде окуп, тарбияланып жаткан майыптыгы бар окуучуларга жеринен жолугуп, азык-түлүк, жана жылыткыч жабдууларды тапшырып, ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарындагы жана облустун баардык райондорунда майыптыгы бар жарандарга кайрымдуулук көрсөтулүп, муктаждар камкордукка алынууда.

Эскерте кетсек, мындай иш-чаралар КР өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоого алуу жөнүндө” токтомуна жана Ички иштер министрлигинин талаптарына ылайык өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий