• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мекен коргоочулар парашют менен секирип, машыгуудан өтүштү — сүрөт

Коом 0


Бишкек, 14.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Коргоо министрлигинин аскерлери Ми-8 МТВ тик учагынан парашют менен секиришти.

Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн аэродромунда министрликтин 52806, Улуттук гвардиянын атайын багыттагы 10128 аскер бөлүгүнүн кызматчылары жана аба-аскер базасынын учкучтарынан турган өздүк курам тик учак менен 600-800 метр бийиктикке көтөрүлүп, парашюттун жардамы менен секиришти.

Жоокерлер бүгүнкү машыгууга чейин жер үстүндөгү даярдоодон өтүп, анын жүрүшүндө парашюттун материалдык бөлүгүн, жалпы конструкциясын, коопсуздук чараларын өздөштүрүү боюнча окуу тапшырмаларды аткарган.

Коргоо министринин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Акылбек Дононбаев бүгүнкү машыгууга 83 жоокер катышканын айтат.

“Эртең дагы 80дей аскер даярдыктан өтүп, парашюттун башка түрү менен секиришет. Алдыда дагы, 21-декабрда толук кандуу машыгуу өткөнү турат. Анда 60 жоокер бир гана парашют менен эркин секирбей, коюлган тапшырманы аткарышат. Алсак, “Пантера” жана “Скорпион” атайын багыттагы бөлүктөрүнүн жоокерлери курал-жарактар менен секирип, бир объектти басып алуу боюнча машыгуудан өтөт”, - дейт ал.

Дононбаев тик учактар толугу менен оңдоодон өтүп, мындан ары 100-200 аскер кызматкерлери ай сайын ушундай машыгуулардан өтүп турарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу секирүүлөрдүн максаты – Куралдуу күчтөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын аба-каражаттарынан десанттык түшүү көндүмдөрүн өркүндөтүү.

Пикир

Оставить комментарий