Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 690 үй-бүлөнүн ар бирине 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы таратылууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, таратылган азык-түлүктүн көлөмү 113 тоннаны түзөт.
"Долбоор алкагында азык-түлүк жардамы элге буга чейин коомдук жумуштарды аткарганы үчүн берилип келген. Бул ирет жардам Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жашаган багбанчылык, агротехнологиялык, ветеринардык кыска окутуу курстарынан өткөн жарандарга берилди", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, ал окуу курстарына Баткен облусунда жашаган жумушу жок, аз камсыз болгон, көп балалуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар үй-бүлөлөр катышкан. Окутуунун максаты жарандардын турмуш шартын жакшыртуу жана кайсы бир багытта иш баштоосуна көмөктөшүү болгон.
"Бул долбоор БУУ Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программаны колдоо максатында ишке ашып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий