• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстанда сарымсак менен лимон кескин кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Тажикстанда тургундардын көбү сарымсак менен лимон иммунитетти чыңдап, коронавирустан коргой турганына ишенүүдө. Буга байланыштуу өлкөдө бул азыктарга суроо-талап жогорулап, баалары кескин жогорулады.

Ушу тапта Душанбе базарларында сарымсактын бир килограммы 11 доллардан, лимондуку үч доллардан сатылууда.

«Сортуна жараша мурда лимондун килограммы 8-12 сомони болчу. Азыр 30 сомониден сатылып жатат. Чек ара жабылганга чейин сарымсак негизинен Кытайдан келип жаткан. Азыр дээрлик жок калды. Буга байланыштуу анын баасы 40 сомониден 120 сомониге көтөрүлүп кетти», — деп билдирген Душанбе базарындагы сатуучулардын бири.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий