• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткен облусунда төрт саатта 12 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Баткен облусунда төрт саатта 12 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ИИМдин эки айлык планына ылайык, башкармалыктын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Баткен, Кадамжай райондорунда “ Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анда төрт саат аралыгында 12 мас айдоочу кармалды.

Айдоочулардын унаалары убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Мас абалында рулга отургандар эми соттун чечими менен бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий