Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Ак-Суу дарыясынын жээгинде кооптуу болгон көлмөлөргө түшүп, сууга чөгүү фактыларын алдын алуу
боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө.
Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле жаш өспүрүмдөргө карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында айыл элине, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
"Жыл башынан бери жогоруда аты аталган аймакта жаш өспүрүмдөргө карата зомбулуктар, сууга чөгүү фактылары катталган эмес", - деп кошумчалашты облустук милициядан.
Пикир
Оставить комментарий